• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ысык-Көлдөн унаа айдап качкан жигит кырсыкка кабылды

7 Аяк оона 2020 16:20 Бишкек Govori.TV

Криминалык милиция кызматынын кызматкерлери автоунаа уурдаган шектүүнү колго түшүрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 19-август күнү Бишкек шаарынын Фучика көчөсүндө жол кырсык катталган. Анда “ВАЗ 2105” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын башкара албай, бетон бордюрга сүзүлгөн. Жол кырсыктын күнөөкөрү окуя болгон жерден качып кеткен. Аталган окуяны териштирүүнүн жүрүшүндө ал “ВАЗ 2105”  үлгүсүндөгү унааны Ысык-Көл облусунан айдап качып кеткендиги аныкталган. 

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө «ВАЗ 2105» үлгүсүндөгү автоунааны айдоочу ошол эле күнү Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунан уурдап чыгып, издөөгө алынганы аныкталган. Жабырлануучу ошол күнү мал багуучусу да дайынсыз жоголгонун билдирген болчу.

Ыкчам  иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүнүн изине түшкөнгө мүмкүн болуп, ал Чүй облусунун 18 жаштагы жошоочусу А.Н. экендиги аныкталган. Ал мурда соттолгон жана жашы жете электер үчүн абагында жазасын өтөгөн.

Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

Количество просмотров: 107