• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 4 адам каза болду

3 Теке 2020 11:40 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматкаылайык, кырсык 2-июль күнү саат 20:30 чамасында Шор-Булак айылында орун алган.

«Хонда-Степвагон жана Ауди-100 үлгүсүндөгү унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 4 адам (1 жаш кыз жана 3 эркек, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (1984-жылы жана 1983-жылы туулган) жабыркаган. Окуя болгон жерге Тоң райондук куткаруу кызматынан 4 адам, ИИМдин кызматкерлери, «Тез жардам» кызматы тартылган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар райондук ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 588