• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам каза болду 

10 Теке 202011:46 Бишкек Govori.TV

Балыкчы — Кочкор унаа жолунда жол кырсыгынан улам үч адам каза болуп,  дагы үчөө  жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-июлда саат 10:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Балыкчы — Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында катталган.

Анда  “Фолксваген-Пассат” унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасы кагышкан.

«Кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган, 2008-жылы туулган эки эркек, 1978-жылы туулган бир аял каза болуп, дагы 2012-жылы туулган бир кыз, 2004- жылы туулган, 2006-жылы туулган эки эркек бала жабыркаган. Тазалоо иштерине КРнын ӨКМнын Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, тез жардам кызматкерлери, ИИМ кызматкерлери тартылды. Куткаруучулар жерине барып, каза болгон жана жабркаган адамдарды унаадан чыгарышып, аларды тез жардам кызматкерлери шаардык ооруканага жеткизишкен», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 278