• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өзбекстанда кыргызстандык айдоочу эки кызды сүзүп, өзү кошо каза болду

29 Аяк оона 2020 12:55 Бишкек Govori.TV

Булакбашы — Анжиян унаа жолунда жүк ташуучу унаанын кыргызстандык айдоочусу эки кызды коюп кеткен. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, кырсык 28-сентябрь күнү болжол менен саат 17:20да болгон. Анда 28 жаштагы Ш.Л. Саноат айылынын аймагында Volvo жүк ташуучу унаасын айдап баратып кырсыктаган.

«Кыргызстандык айдоочу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып, жолдо бараткан 3 жана 10 жаштагы кыздарды коюп, андан ары турак үйдү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен эки кыз менен айдоочу мерт кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча «Жол эрежесин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 867