• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 8 адам каза болду (сүрөт)

4 Аяк оона 202011:28 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда 2020-жылдын 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде “Ауди А6” үлгүсүндөгү унаасы менен “ХОВО” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон, 6 эркек, 2 аял (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине Тогуз-Торо райондук №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

На изображении может находиться: один или несколько человек и на улице
Количество просмотров: 5403