«GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Жыпаргүл Саттарова.
Саттарова Баткен облусуна караштуу Кулунду айылынан келген. 13 жылдан бери бала бакча башчысы болуп эмгектенет. Өзүнүн ишиндеги билген тажрыйбасын жаш муундарга үйрөткүсү келет.
«Коомдук иштерге активдүү катышып, жасаган жумуштарыма жолдошум дагы колдоо көрсөтөт. Аял кишиге үй-бүлөсү колдоо көрсөткөндө гана алардын потенциалы жогорулайт»,-деди Саттарова.