• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Атамбаевдин туулган күнүндө үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилген жок

17 Аяк оона 202012:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Замир Жоошев билдирди.

«Жакындары жолугушуу үчүн арыз менен кайрылган эмес. Ошол жүйө менен Алмазбек Шаршеновичке үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушууга уруксат берилген жок. Жубайы Раиса Атамбаева туулган күнүнө китептерди жана атайын майрамдык түшкү тамакты биз аркылуу берип жиберди», — деп билдирди Жоошев..

Белгилей кетсек, бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаев 64 жашка толду. Атамбаевди өздүк майрамы менен куттуктап, УКМКнын имаратынын алдына үй-бүлөсү жана тарапташтары барышкан.

Количество просмотров: 211