• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бекназаров өзүнө козголгон кылмыш иштери менен тааныша элек

16 Жалган куран 2023 17:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча соттук отурум уланып, ага ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров күбө катары алынып келинди.

Бекназаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып өзүнө козголгон кылмыш иштери менен тааныша электигин айтты.

«Мага козголгон кылмыш иштери боюнча эчтеке айтпай жатышат. Ал эми тергөөчү Жапековдун токтому жок болмоюнча «жашыруун» гриф кала берет. Бишкек шаардык соту кайрылууну жарым-жартылай канааттандырды дегени коомчулук менен бизди алдоонун бир түрү»,-деди Бекназаров.

Буга чейин Бекназаров өзүнө карата 12 кылмыш иши козголгонун билдирген.

15-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад боюнча козголгон иштен «жашыруун» грифин алып салганын адвокат Кантемир Турдалиев маалымдады.

Айта кетсек, 2022-жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразычылык билдирген отузга жакын адам камакка алынган. Ички иштер министрлиги аларды «башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп айыптап чыккан.

Козголгон ишке «жашыруун» грифи коюлгандыктан Ички иштер министрлиги тергөөнүн жүрүшү туурасында маалымат бербей келген. Адвокат Кантемир Турдалиев грифти алып салуу боюнча сотко өтүнүч жөнөтүп, Бишкек шаардык соту кайрылууну жарым-жартылай канааттандырган.

Количество просмотров: 153