• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Кыргызстан» партиясынын чуусу: Соттун алдына партия өкүлдөрү, жарандык активисттер чогулду

27 Баш оона 2020 15:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик сотунда «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралганы жатат.
Маалыматкаылайык соттук кароо саат 15:00гө белгиленген. Ушул тапта Свердлов райондук сотунун имаратынын алдына 200дөй киши топтолду. Алардын көбүндө бет кап жок жана аралык сакталган эмес.

Соттун алдына чогулган «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү соттордон басым алдында эмес, акыйкат чечим чыгарууну талап кылышууда.

Эске салсак, БШК 25-августта «Кыргызстан» партиясы «шарттарды бузган» деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган.
26-августта аталган партия  БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз жазган.

Количество просмотров: 102