• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Медиа Полиси» кайрылуу жасап, ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамды кабыл албоого чакырды

6 Тогуздун айы 2022 12:55 Бишкек Govori.TV

«Медиа Полиси» институту президенттик администрацияга кайрылып, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды. Уюм эгер бул документ кабыл алынса сөз эркиндиги чектелерин, бийликке жакпаган сайттар жабылышы ыктымалдыгын эскертти. Мындан улам бийлик журналисттердин ишин чектегенден көрө «элдин бакубаттыгы жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү негизги маселелер менен алектениши зарыл экенин» белгиледи.

Төмөндө кайрылууну толук беребиз:

2022-жылдын 28-сентябрында КР Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматы “Жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары – ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору) коомдук талкууга алып чыкты. КР Президентинин Администрациясы бул мыйзам долбоорунун демилгесин 1992-жылдын 2-июлундагы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” колдонуудагы КР Мыйзамы “моралдык жактан эскиргени менен” түшүндүрдү. КР Президентинин Администрациясынын баамында, “колдонуудагы мыйзамдын укуктук ресурсу түгөнүп, азыркы коомдун реалдуулугуна шайкеш келбейт, ошондуктан жаңы Мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы айкын болууда”. Биз КР Президентинин Администрациясы негиздеме-маалымкатта көрсөткөн максат колдонуудагы мыйзамдын 1992-жылы кабыл алынганынын бөлүгүндө гана чындыкка туура келет деп эсептейбиз. Бирок рационалдуу далилдерди келтирүүнүн ордуна бетке кармаган бул жүйөнүн башка элементтери мыйзам долбоорунун чыныгы максатын жашырып, ал тургай фактыларды ойноктотуу болуп саланат. Мыйзам долбоору жарандардын коомдук маанилүү темалар боюнча ар түрдүү маалымат булактарына жетүүсүн чектөө максатын көздөйт.

1. Учурда ЖМКнын эркиндиги 1992-жылдагы мыйзам менен жөнгө салынып келатат, ушунча жылдардан бери бул мыйзамга айрым гана, көп деле принципиалдуу болбогон өзгөртүүлөр киргизилип келген. Мындан улам аны ишке ашырууда айрым бир кемчиликтер бар экени талашсыз. Ошону менен бирге, алардын потенциалы жаңы мыйзамды кабыл алуу үчүн гана эмес, ошондой эле колдонуудагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн да артыкчылыктуу мүнөзгө ээ эмес. Муну ЖМК жөнүндө мыйзамдарга жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыктары ырастап турат. Мыйзамдарга инвентаризацияны КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы Жарлыгына ылайык жумушчу топ КР Юстиция министрлиги иштеп чыккан методологияга ылайык жүргүзгөн. Ошондо инвентаризациядан соң медиа коомчулуктун көптөн-көп талаптарынан кийин КР Юстиция министрлиги өзгөртүүлөрдү киргизүү максатка ылайыктуу эмес деген позицияга макул болуп, “ЖМК жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “КТРК жөнүндө” мыйзамдарга бийликтин аткаруу бутагынын аталышына гана тиешелүү өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын белгилеген.

2. Интернеттин кыргыз сегменти 2005-2010-жылдар аралыгында жигердүү түрдө өнүгө баштаган. Бул анын ичинде бир катар шайлоо циклдерине байланыштуу да болду – ошол маалда веб-сайттар түрүндө жаңы ЖМКлар өлкөдөгү коомдук-саясий турмушка олуттуу таасир эте баштаган. 1992-жылдагы мыйзам күчүндө болгонуна карабастан, ошол жылдардан бери бийликтин башкы бутактарында отурган саясатчылар, анын ичинде келип-кетип жаткан президенттер, колдонуудагы жарандык мыйзамдардын алкагында (негизинен процессуалдык ченемдерди бузуу менен) ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкер абройду коргоо жөнүндө иштер боюнча веб-сайттардан миллиондогон компенсацияларды талап кылышкан. Ошондой эле укук коргоо органдары жазык сот өндүрүшүнүн алкагында веб-сайттардын редакцияларына карата кылмыш ишин козгоп келишет (бирок бул негизинен процессуалдык ченемдерди бузуу менен болуп жатат). Ошентип, веб-сайттардын өкүлдөрү мыйзам бузган учурда 1992-жылдагы ЖМК жөнүндө мыйзам (колдонуудагы редакциясы) аларды мыйзамдуу жарандык, административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартууга эч кандай жолтоо болбойт. Мындан улам демилгечилердин ЖМКнын ишин жөнгө салуунун азыркы ченемдери эскирип, учурдун талаптарына жооп бербейт деген ырастоосуна макул болууга мүмкүн эмес.

3. Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунун бир катар ченемдери Кыргыз Республикасынын ченем жаратуу практикасында кеңири жайылган көрүнүштү – орусиялык мыйзамдарды көчүрүп алуу көйгөйү бар болгонун кезектеги жолу көрсөтүүдө. Башка бир өлкөнүн укугунан көчүрүп алуунун өзү эле мыйзам жаратуу иши туура эмес ыкма менен жүргүзүлүп жатканынан, мындай саясат жаңылыш жолдо баратканынан кабар берет. Мындай ыкманын олуттуу кемчилиги – мыйзам чыгаруу массиви укуктук ченемдерди Кыргызстандын укуктук системасынын талаптарына ылайыкташтырууну караштырган жери жок, бул болсо боштуктардын, карама-каршылыктардын жана туура эмес чечмелөөлөрдүн пайда болушуна алып келет.

4.                 Азыркы бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюу мыйзам долбоорунун максаттарынын бири болуп саналат, себеби мыйзам долбоору менен ЖМК жөнүндө Мыйзамдын жаңы редакциясынын талаптарына ылайык 2023-жылдын 1-июнуна чейин ЖМКларды, анын ичинде тармактык басылмаларды кайра каттоодон өткөрүү сунушталып жатат. Мыйзам долбоорунун текстинде “Кайра каттоодон өтпөгөн ЖМКлар жоюлду деп эсептелет” деп көрсөтүлгөн. Ошол эле маалда ЖМКны каттоодон баш тартуусу үчүн, ошондой эле Юстиция министрлигинин ЖМКнын каттоо жөнүндө күбөлүгүн жараксыз деп таанууга жүйөлөр көп маанини берип, кеңири чечмелөөгө жол ачып жатат. Мындай көрүнүш укук колдонуу практикасында каттоочу органдын кыянаттык менен пайдаланышына жол ачышы мүмкүн. Мисалы, “эгерде жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы, болжолдуу тематикасы жана (же) адистештирүүсү массалык маалыматтын эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берип жатса”, бул каттоодон баш тартууга жүйө болуп бере алат. Каттоочу орган аталышы же тематикасы боюнча эле жалпыга маалымдоо эркиндигин кыянаттык менен пайдалануунун белгилери бар экендигин кантип аныктай турганы, мыйзам долбоорунун демилгечиси ЖМКнын адистештирүүсү деген терминди кантип чечмелеп жатканын белгисиз. Каттоо жол-жобосун жөнгө салуу маселесинде мына ушундай бүдөмүк сөздөр ЖМКны түзүү же кайра каттоо маселесинде каттоочу органдын өзүм билемдик менен иш алып баруусуна шарт түзөт, ал эми бул демек мамлекеттин Мыйзамды кыянаттык менен пайдаланууга потенциалы бар дегенди билдирет. Эч жашырбастан жана тартынбастан эле Юстиция министрлигин жана Башкы прокуратураны ЖМКнын супер-жөнгө салуучусу катары аныктап жаткан мыйзам долбоорун колдонуу чөйрөсү да белгилүү болуп калды – бийликтеги коррупция жөнүндө журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, аларды жарыялаган веб-сайттардын өкүлдөрүнүн укуктарын мыйзамсыз чектөө үчүн гана тандалып алынары анык.

Ушуга байланыштуу биз сунуш кылынган мыйзам долбоорун коом эч муктаж болбогон товарды ага мажбурлап таңуулоо катары баалайбыз. Көз карандысыз ЖМКлар, эркин журналисттер башкаруудагы системалуу каталар же алдыдагы кризистер жөнүндө эрте баскычында эле коомду эскертип, коңгуроонун, өрт белгисин берүүчүнүн ролун аткарышат. Журналисттер көйгөйлөрдү чагылдырып чыкканда бийлик ката чечимди кабыл албайт, же кабыл алса да, анын кесепеттерин азайта алат. Бирок, журналисттик иликтөөлөр бийликтеги айрым жеке кызыкчылыктарга коркунуч жараткан учурлар да аз эмес. Мына ушундай учурларды болтурбай, чындыкты айтып чыккандардын үнүн басуу үчүн ушул мыйзам долбоору сунуш кылынып жатат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде “Медиа Полиси Институту” “Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” КР Мыйзамынын жоболоруна ылайык КР Президентинин Администрациясын аталган мыйзам долбоорун чакыртып алууга, элдин бакубаттуулугун жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жаатында негизги жана анык маселелер менен алектенүүгө үндөйт.

Количество просмотров: 70