ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КАРШЫЛАР МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ
Бүгүн, 5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылардын акциясы өтүп жатат. Анын катышуучулары шайлоо таза өтпөгөнүн, добуштар сатылып алынганын белгилеп, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.
КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
Республикалык штабдын маалыматы боюнча 5-октябрга карата коронавирус илдети дагы 207 адамдан аныкталды. COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы 47 635 адамга жетти. Алардын 43 521и айыгып чыкты. Расмий эсеп менен 1066 адам бул оорудан көз жумду. Акыркы суткада өлүм катталган жок. Оору жаңы аныкталгандардын ичинде медициналык тогуз кызматкер катталды. Жалпы 3327 медицина кызматкери вирусту жуктуруп, 3059у айыкты. Азыркы тапта стационардык тартипте 1123 бейтап, амбулатордук тартипте 1470 бейтапдарыланууда.
БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕПТЕР АЧЫЛБАЙТ
Бишкек шаарында 2-6-класстын окуучулары окуусун мурдагыдай эле аралыктан улантат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борбору 2-6-класстын окуучуларын мектепте окуусуна уруксат бере элек, буга эпидемиологиялык абал себепкер.