• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Текебаев: Садыр Жапаров шайлоого катыша албайт

16 Тогуздун айы 202011:33 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу кайрадан мандатка ээ болгон депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн,16 октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Текебаевдин айтымында, президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүү керек.

«Кыска убакыт ичинде кайрадан президенттик шайлоо болушу керек, өлкөдө акча тартыш болгондуктан, парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн дал келтириш керек. Мен экөөнү бир күндө өткөрүүнү сунуштайм. Буга мыйзам жол берет», — деди Текебаев.

Количество просмотров: 2375